Москва шаарынан Бишкек жана Ошко рейстерди аткаруу мурунку режимде улантылат
RU

Москва шаарынан Бишкек жана Ошко рейстерди аткаруу мурунку режимде улантылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарында "Аэрофлот – Российские авиалинии" авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан тартып 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында Москва шаарынан 80ден ашуун шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларына рейстерди аткарууну токтоткондугу жөнүндө маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

"Аэрофлот – Российские авиалинии" авиакомпаниясынын Бишкектеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, азыркы учурда аталган авиаташуучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейстер мурдагы режим боюнча улантылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечим COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчүлүк авиакаттамдардын токтотулуусуна чейин бекитилип жана аткарылып турган күнүмдүк рейстерге карата кабыл алынган.

Ошону менен бирге, азыркы учурда "Аэрофлот" авиакомпаниясы жума күндөрү "Москва-Бишкек-Москва" каттамы боюнча 1 үзгүлтүксүз рейс, ал эми "Москва-Бишкек-Москва" жана "Москва-Ош-Москва" каттамдары боюнча күн сайын чартердик рейстерди аткарууда. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын башка шаарларына эки багытта чартердик рейстерди аткарып жатат.

Ошондой эле "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы да жума сайын "Бишкек-Москва-Бишкек" каттамы менен 1 үзгүлтүксүз рейс аткарат.

Мында, россиялык тарап менен эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз авиарейстердин санын көбөйтүүгө багытталган сүйлөшүүлөр улантылууда, деп билдирүүдө айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/534