Баткенде электр жарыгын оңдоо иштери уруксат алгандан кийин башталат
RU

Баткенде электр жарыгын оңдоо иштери уруксат алгандан кийин башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Энергетика тармагындагы абал министр Доскул Бекмурзаевдин контролунда ишке ашып жатат, дейт ведомствонун басма сөз кызматы.

Берилген маалыматка ылайык, Баткендеги электр жарыгы жок калган айылдарда светти калыбына келтирүу иштери тиешелүу органдар уруксат берээри менен башталат. Ошэлектро ААКтын оңдоочу бригадалары даяр турушат.

Ал эми Чоң-Алайда ремонт иштери жүрүп жатат. Бир аз убакыттан кийин жарык берилет.

Баткен облусунун абоненттери үчүн бирдиктүү түнү-күнү иштеген телефон номерлер иштөөдө: 03622 50612 жана 03622 51071.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5351