Баткенде электр линисынын курулуш иштери башталды
RU

Баткенде электр линисынын курулуш иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинети өлкөдө энергетика тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, "Муз-Төр" чек ара заставасы электр энергиясы менен камсыздалып, "Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталган.

"Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталды. Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинети аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлгөнүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5356