Мас айдоочуга 75 миң сом айып пул салынды. Видео
RU

Мас айдоочуга 75 миң сом айып пул салынды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайгуул кызматкерлери кызматкерлерге баш ийбей, одоно жол эрежесин бузуп качкан мас айдоочуну кармады.

2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 01:10 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Фит үлгүсүндөгү авто унаа каттуу ылдамдык менен алдыңкы жарыктарын өчүрүп, чоң жолдун эки тилкесин кесип, жол эрежесин бузуп, артка бурулгандыгын көрүшкөн.

Кайгуул кызматкерлери авто унааны токтотуу учурунда, айдоочусу кызматкерлерге баш ийбей качып жөнөгөн. Качуу учурунда катуу ылдамдык менен жол чырактарга баш ийбей, башка жол кыймылынын катышуучуларына да коркунуч келтирген.

Бирок кайгуул кызматкерлеринин ыкчам кармоо иш-аракетинин натыйжасында кошумча күч чакырылып, баш ийбеген айдоочу Эркиндик бульвары жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу айдоочу мас абалында экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар тууралуу кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде жалпысынан 12 протокол тотурулуп, 75 000 сом айып салынып, авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5358