Директор физкультурага катышпайм деген окуучунун бутун сындырган
RU

Директор физкультурага катышпайм деген окуучунун бутун сындырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда мектептин директору (дене тарбиядан берген мугалим) окуучунун бутун сындырган. Kaktus.kg редакциясына маалыматты жергиликтүү ИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

28-январда Кара-Суу РИИБсине 47 жаштагы райондун тургуну, мектептин директору жеткирилген. Ага окуучулардын биринин ата-энеси арыз жазган. Мектептин директору 15 жашар өспүрүм баланы тепкилеп, жыйынтыгында анын сол буту сынган.

Өспүрүмдүн милицияга берген маалыматы боюнча, ал ден соолугуна байланыштуу дене тарбия сабагына катыша албай тургандыгын билдирген. Ошондон кийин агай аны сабай баштаган. Күбө болгон классташтары окуучуну үйүнө чейин жеткиришкен.

Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5359