Кыргызстанда чогултулган алгачкы автобус чыкты. Фото жана видео
RU

Кыргызстанда чогултулган алгачкы автобус чыкты. Фото жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 29-январда алгачкы жолу Кыргызстанда чогулган жүргүнчү ташуучу BELES автобусу чыкты. Аны европалык DAF концерни менен биргеликте чогултканы маалым.

Автобус боюнча толук маалымат бериле элек. Энергетика министрлиги тарабынан азырынча эч кандай комментарий жок.

Жүргүнчү ташыган автобус чогултуу пландары жөнүндө өткөн жылы жайында Бакыт Дегенбаев айткан. Ошол кезде ал энергетика жана өндүруш министринин орун басары болчу. Автобусту күзүндө чогулта башташат деген.

Кыргызстанда чогулган алгачкы автобус Евро-5 дизель кыймылдаткычы менен иштейт. Электрэнергиясы менен жүрө турган автобустарды да чогултуу пландары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5361