Мас айдоочу токтоп турган 8 машинени коюп кетти. Видео
RU

Мас айдоочу токтоп турган 8 машинени коюп кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте белгисиз айдоочу бир нече машинени коюп кеткен. Анын регистраторундагы видео кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарга тараган.

Тартылган видеого ылайык, окуя ушул жылы, январдын жыйырмаларында болгон. Айдоочу Бөкөнбай көчөсү менен келатып, Турусбеков көчөсүнө бурулуп, токтоп турган унааларды коюп кетет.

Андан кийин өйдө айдап бараткан Honda Fit'ти сүзүп кетежаздайт. Ошондо да токтобой, пешеходдун жанында токтоп турган дагы эки машинени сүзөт. Адан ары да жолун уланта берет.

Турусбеков көчөсү менен ылдый түшүп баратып, Чокморов көчөсүнөн оңго бурулуп, ак түстөгү жол тандабаска урунат. Андан кийин дагы бир нече метр жол айдап токтойт. Бир-эки секундда ага башка айдоочулар басып келип, "Байке, болбойт андай. Жанатан бери канча машинаны жайладыңыз!", - деп нааразы болушат. Айдоочу аларга "Киргиле" (заходите), - деп жооп бергенин угууга болот. Айдоочунун үнүнө караганда ал мас абалында болчу.

Бишкектин кайгуул кызматы азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5362