Сугат системасын оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү
RU

Сугат системасын оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлады. Бул каражат сугат тармагын оңдоого жана арыктарды тазалоого жумшалат.

Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Айрыкча 2020-2021-жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам өлкөнүн ар кайсы облусундагы дыйкандар нааразылык акцияларына чыккан.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, былтыр жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен түшүм азайды. Буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%, картошканыкы 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7%, мөмө -жемиштердики 6,5% жана жашылчаныкы 2,4% кыскарды.

Булак: Азаттык үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5363