Зоопаркта аял 3 жашар кызын аюунун короосуна ыргытып жиберген
RU

Зоопаркта аял 3 жашар кызын аюунун короосуна ыргытып жиберген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ташкент зоопаркында үрөй учурган окуя болду. 28-январда саат 12:00дөр чамасында жаш келин элдин көзүнчө кичинекей кызды аюунун короосуна ыргытып жиберген.

Зоопарктын зыяратчылары менен кызматкерлеринин аракетине карабай, аял баланы жырткычка ыргытып жиберген. Зоопарктын Telegram каналы белгилегендей, кавказдык күрөң аюу Зузу жаш баланын мурдун жыттап, басып кеткен. Зоопарктын кызматкерлери аны алаксытып калышкан.

Баланы короодон алып чыгып, зоопарктын медайымы текшерген. Кыз жырткычтын тишинен эмес, дээрлик 5 метр бийиктиктен кулагандан гана жапа чеккени аныкталып, денесинде көгалалардан башка көзгө көрүнөрлүк олуттуу жаракаттар табылган эмес.

Учурда бул иштин себептерин укук коргоо органдары иликтеп, бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кызга медициналык жардам көрсөтүүгө кеткен бардык чыгымдарды Ташкент зоопаркы көтөргөн.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 3 жашар кызын короого ыргытып жиберген аялга карата кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5365