Токаев: Казакстанга коңшу өлкөдөн гастарбайтер өңдөнүп, террористтер келишкен
RU

Токаев: Казакстанга коңшу өлкөдөн гастарбайтер өңдөнүп, террористтер келишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарындагы аэропортту январь айындагы башаламандыктар учурунда гастарбайтер өңдөнүп келген террористтер басып алган, деп билдирди. Анын айтымында, алар коңшу өлкөлөрдүн биринен.

Токаев жүргүзүлгөн иликтөөлөргө таянып, баш аламандыктарга катышкан адамдар, атайы массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн "борборазиялык өлкөлөрдүн биринен" келишти, деп белгилеп, бирок кайсы өлкө экенин атаган жок.

"Булар алдын ала даярдык көргөн согушкерлер болчу. Алар гастарбайтербиз деп келип, аларды аэропорттогу чек ара көзөмөлүнөн өткөрүшкөн. Шаарга кирип келип, операцияны ишке ашырышкан", - деп Токаев белгиледи.

Казакстандын президенти, бул адамдар административдик имараттарды басып алуу чабуулдарын башкарышкан. Аларды кылмыш иштери жана укук коргоочулардын досьеси гана кызыктырган, деп жар салды. "Аларга материалдык баалуулуктар кызыктырган эмес. Бул дыкаттык менен пландашылган террористтик акция болчу. Ага чет өлкөлүк боевиктер тартылган", - деди ал.

Январь айында Казакстанда өткөн митингдер массалык башаламандыктарга айланган. Каршы чыккандар Алматыдагы аэропортту басып алып, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган болчу. 7-январда ЖККУнун жоокерлери казакстандык күч структуралары менен биргеликте аэропртту өз көзөмөлүнө алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5367