Күйөөсү элдин көзүнчө аялын сабады. Ал арыз жазгандан баш тартты
RU

Күйөөсү элдин көзүнчө аялын сабады. Ал арыз жазгандан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары жерде жаткан аялын күйөөсү аёсуз сабап жаткан видеону таратышкан. Видео Instagram'дагы @black_list.kg баракчасына жарыяланган.

Алгач, эркек киши аялга болушкусу келген эки кишини жолотпой жатканын көрүүгө болот. Андан кийин ал жерден турууга аракет кылган аялын башка тебет.

Ленин ИИБсинин басма сөз кызматы билдиргендей, 30-январда, болжол менен саат 23:00до Ахунбаев менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши аялын сабап жатат деген билдирүү милицияга келип түшкөн.

Милиция окуя болгон жерге келип, жубайлар саат 17:30да досторунукуна конокко келгенин, андан кийин экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, аялы сыртка чыгып кеткенден кийин күйөөсү сабаганын аныктаган.

"Аялы күйөөсүнө арыз жазуудан баш тартып, ага карата эч кандай доом жок деп билдирген", - деп ИИБден айтышты.

Иликтөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5369