Милициянын өлүмүнө шектелгендер кармалды. Алар мас абалында уруша кетишкен
RU

Милициянын өлүмүнө шектелгендер кармалды. Алар мас абалында уруша кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын өлүмүнө шектелгендер камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media'га Ош ОИИБси маалымдады.

Белгилүү болгондой кечээ, 28-январда, 16:30да Алай районунун ИИБсине эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү келип түшкөн.

Денени дарыядан куткаруучулар чыгарышкан. Ал 32 жаштагы милиция кызматкери Э.Н. экени аныкталган. Анын денесинде сабоодон кийинки калган тактар байкалган.

Издөө салынып, жыйынтыгында жергиликтүү тургундар, 54 жаштагы О.Э., 32 жаштагы Ч.И. жана 31 жаштагы С уулу Б. камакка алынышты. Акыркы жаран Россияда "талап-тоноо" беренеси боюнча соттолгон болчу.

28-январда милиция кызматкери жумушка чыккан эмес, жетекчилик ага издөө салган.

"27-январда ал 21:00го чейин жумушунда болчу, андан кийин достору менен жолугуп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Ортодон пикир келишпестиктер чыгып, үч эркек биргелешип, милиция кызматкерин сабап салышкан. Кылмыштын изин жашыруу максатында, өлүк денени чет жака алып барып, дарыяга чөктүрүү аракеттерин көрүшкөн", деп ИИБ билдирди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/536