Асман шаары тууралуу имидждик ролик фейк болуп чыкты
RU

Асман шаары тууралуу имидждик ролик фейк болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга "Асман" шаарына арналган имидждик ролик жарыяланган.

"Асман эко шаарынын долбоору - бул келечекти жаңыча көрүү. Асман-экосити - бул жаңы идеялар, жаңы чечимдер. Асман шаары - жөн шаар эмес, бул чоң, масштбдуу ой жүгүрткөндөрдүн турак жайы. Прогрессивдүү экологиялык тиричиликтин бир бөлүгү болууну каалагандар үчүн", - деп роликтин синопсисинде айтылат.

Роликтин өзү улуттук маданияттын, Ысык-Көлдүн, жана болчок шаардын макеттерин камтыйт. Англис тилинде шаарга мүнөздөмө берилип, мактоо сөздөрү менен коштолгон.

"Асман" долбоорунун дирекциясы бул имидждик роликке тиешеси жоктугун белгиледи.

Эске салсак, жаңы шаар куруу пландары жөнүндө 2021-жылдын июль айында белгилүү болгон. Ал 4 миң гектар жерди ээлейт, өндүрүш инфраструктурасы болуп, "акылдуу шаар" жогорку технологиялык иштеп чыгуулар классына негизделип, ресурстарды оптималдуу керектөөнү эске алуу менен альтернативдүү энергия булактары колдонулат. Экологиялык жактан таза транспорт жүрүп, жашыл экономиканын принциптери сакталат. Асман 500-700 миң кишиге ылайыкталып, 7-10 жылдын ичинде салынып бүтөт. Анын элеси жогору жактан караганда улуттук аспап - комузду элестетип турат.

Бул жылдын башында, "Асман шаары" долборунун жетекчиси болуп Elite House курулуш компаниясынын экс-директору Тимур Файзиев дайындалганы белгилүү болгон.

Долбоорго каршы чыккандар жок эмес. Алар бул планды ишке ашырууга каршы петиция жазышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5371