Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда курулуп жаткан тоннель ачылды
RU

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда курулуп жаткан тоннель ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда курулуп жатан тоннель эки тарабынан кошулду. Бул тууралуу видео социалдык тармакта тарады.

Анда видеонун автору бул тарыхый көрүнүш экендигин айтып, кесиптештери менен сүйүнүп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматты транспорт министрлиги да тастыктады. Алар берген маалыматка ылайык, Казарман айылы менен Жала-Абад шаарына чейин узундугу 3 890 метр болгон тоннелди куруу жүрүп жатат. Анын бийиктиги 9 метр, туурасы - 10 метр болот. Мындай көлөмдөр эки тараптуу жол кыймылын уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Тоннелге катар штольня да салынып жатат. анын бийиктиги жана туурасы 4 метр. Штольня экстрендик кырдаалда адамдарды жана транспортту эвакуациялоого мүмкүнчүлүк берет.

30-январда штольняга байланыштуу иштер бүтүп, негизги тоннелдеги иштер уланууда. 2022-жылдын соңуна чейин курулуш иштерин толугу менен бүтүрүү пландалууда, деп Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5377