Социалдык фонддун унаасы тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев: Бекешевге жөө барып кечигем
RU

Социалдык фонддун унаасы тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев: Бекешевге жөө барып кечигем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Социалдык фонддун унаасын өзүнө алып калганын билдирген.

Kaktus.media сайтынын редакциясы кырдаалга комментарий берүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине кайрылды.

"Социалдык фонд, Социалдык камсыздандыруу жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бириккенде менин унаам жок болчу. Бардык унааларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине кабыл алганбыз. Азыр аны мен айдап жүрөм. Ал унаа учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде", - деп жооп берди Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, ал унаасы жок болгондугун айтып премьер-министрге жана президентке кайрылган. "Машина беришпесе жөө деле жүрө берем. Уруксат беришпесе, мага унаанын кереги жок", - деди ал.

"Социалдык фонд унааны алам десе алып кетсин, мен жөө жүрөм. Министр унаасы жок калмак беле. Эмне кереги бар, түшүнбөйм. Ал жакта машина көп. Мен коррупционерлерди иштен бошоттум. Ошол үчүн мага бир нерсе (жаман) кылгысы келип жатат. Мени алып кетишсин, Бекешевге жөө барайын, кечигип калам го, анткени менин машинам жок", - деп жыйынтыктады Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5386