Мухаммедкалый Абылгазиевге 100 батир боюнча коюлган айып алынды
RU

Мухаммедкалый Абылгазиевге 100 батир боюнча коюлган айып алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адвокат Данияр Эркимбаевдин айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиеге 100 батирге байланыштуу айып алынды. Соотун мурунку премьер-министрди камакка алуу чечими боюнча жогору турган инстанцияга даттануу жазылат.

Абылгазиевге карата мыйзамсыз байыган деп шектөөгө жетишээрлик денгээлде негиз жок, бул чектөө чарасын тандоо учурунда анык болду, деди адвокат.

"26-январда биринчи сурк болгон, тергөөчүлөрдүн негизги суроолору "Залкар строй" компаниясына байланыштуу болду. Андагы 100 батир Асылбек Абылгазиевге (экс-премьер-министрдин жээнине) таандык имиш. Мухаммедкалый Абылгазиев бардыгын түшүндүргөндөн кийин, текшерүү иштери жүрүп, айыптоо алынды", - деп сөзүн жыйынтыктады Эркимбаев.

Адвокаттын билдирүүсүнө ылайык, Абылгазиев "Кумтөр" алтын кени боюнча сурак берген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/538