Россияда эки жашар кыздын өлүмүнөн кийин мыйзамсыз бала баккан кыргызстандык аял кармалды
RU

Россияда эки жашар кыздын өлүмүнөн кийин мыйзамсыз бала баккан кыргызстандык аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда эки жашар кыздын өлүмүнөн кийин мыйзамсыз бала баккан кыргызстандык аялга кылмыш иши козголду.

"АиФ" агенттигинин маалыматына караганда, Муринодогу мыйзамсыз бала бакчада 2019-жылы туулган кыз каза болгон. Ал 27-январда ооруп калып, бирок балдарды караган аял дарыгерлерди чакырган эмес. 30-январь күнү эртең менен, жатагында кыздын жансыз денеси табылган.

Өзбекстандын 34 жаштагы жараны 2021-жылдын ноябрь айында эки жашар кызын кыргызстандык бала багуучуга өткөрүп берген. Бала баккан аял бул убакыт бою Санкт-Петербургдагы Науки проспектисиндеги батирде жашап, ал жерде мыйзамсыз бала бакча уюштурган.

Өткөн бейшемби күнү аял баланын ооруп калганын байкаган. Бирок Россияда жүрүүгө уруксаты жок болгондугуна тынчсызданып, дарыгерлерге кайрылган эмес. Анын айтымында 30-январда кыздын деми токтоп калган. Аны ата-энесине билдиргенден кийин кыздын апасы келип, бели жана ээги сыйрылып каза болгонун көргөн. Дарыгерлер дагы бала эки күн мурун каза болгонун айтышууда.

Кыргызстандык жаранга жаранга карата "Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5396