БШК бир нече талапкерди каттоодон баш тартты. Алар кимдер?
RU

БШК бир нече талапкерди каттоодон баш тартты. Алар кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссия 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон төрт жаранды каттоодон баш тартты.

Төмөнкүлөр катталган жок

№29-Свердлов округу боюнча:

  • Асанбеков Жаныбек Асанбекович - Жогорку билими тууралуу документтерди жана шайлоо залогун төлөгөндүгүн тастыктаган документерди алып келген жок.
  • Керимбеков Бакыт Макенович - шайлоо залогун тастыктоочу документти алып келген жок.
  • Мамбеталиев Данияр Нурланович - шайлоо залогун тастыктоочу документти алып келген жок.

№27-Биринчи май округу боюнча:

  • Жоробеков Азаматбек Жолборсович - Жогорку билими тууралуу документтерди жана шайлоо залогун төлөгөндүгүн тастыктаган документерди алып келген жок.

Эске салсак, эки округ боюнча кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда бүтөт. Азыркы күндө 37 жаран өз талапкерлигин койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5409