Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды
RU

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экс-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотко чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media'га соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова кошумча күбөнү - Сооронбай Жээнбековду чакыртуу боюнча өтүнүч менен кайрылган.

"Сот өтүнүчтү канааттандырып, коргоо тарабын канааттандырып, өтүнүч менен кайрылган тарапты кубөнүн келишин камсыздоону милдеттендирди", - деп сотто белгилешти.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. Анын үйүно тинтүу жүргүзүлгөн учурда УКМКнын кызматкерлери бир нече миллион сом жана $100 миң, баалу буюмдар, жана Бишкектеги кыймылсыз мүлккө документтерди табышкан. Зилалиевдин адвокатынын айтымында булардын бардыгы мал сатуудан түшкөн каражат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/540