Тажикстандын ТИМи студенттерин Кыргызстанга барбай турууга чакырды
RU

Тажикстандын ТИМи студенттерин Кыргызстанга барбай турууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда окуп жана иштеген студенттери менен мугалимдеринен КРге барбай турууну өтүндү. Мындай билдирүү коңшу өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин сайтына жарыяланды.

Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы "тажик жарандары КР аймагына билим берүү уюмдарына окуу жана иштөө үчүн келе алат" деген буйругуна карабастан тажик тарап Кыргызстандын аймагында Тажикстандын жарандарына анча жакшы эмес мамиле кылган фактыларды каттап жатканын белгилеген.

Кыргызстандын ЖОЖдору тажик студенттеринин документтерин кайтарып берүү процессин атайын кечеңдетип, алардын Тажикстандын окуу жайларына которулуу үчүн керектүү документтерин берүү өтүнүчүнө тоскоолдуктарды жаратып жатканы да айтылган.

"Кыргызстандын компетенттүү бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктуларында тажикстандык студенттерди кармоо фактылары катталып жатат", - деп билдирди Тажикстандын ТИМи.

Коңшу өлкөнүн ТИМи 2021-жылдын 21-майынан тарта тажик жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө же Кыргызстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүнө тыюу салынганын эскертти.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен ТИМ тажик тараптын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5427