Сурамжылоо: Студенттердин 94%ы контрактын акысы төмөндөтүлүшү керек деген пикирде
RU

Сурамжылоо: Студенттердин 94%ы контрактын акысы төмөндөтүлүшү керек деген пикирде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сурамжылоого катышкан студенттердин 94%ы жождор окутуунун акысын төмөндөтүшү керек деп ойлошот. Бул тууралуу Социалдык активизм мектебинин билдирүүсүндө айтылган.

Студенттердин онлайн-окутуу форматына өтүүгө аргасыз болгонуна байланыштуу Социалдык активизм мектеби студенттер туш болгон барьерлерди изилдеген.

Сурамжылоого жождордон, колледждерден жана лицейлерден 301 студент катышып, Кыргызстандын бардык региондорунун өкүлдөрү кирди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, студенттердин 35%ы онлайн-окутуу форматына мамилеси негативдүү. Жарымынан көбү окутуунун онлайн форматынын деңгээлине канааттанбайт.

Катышуучулардын 60%ы онлайн-окутуу үчүн жалаң мобилдик телефон менен колдонушат. Бул материалды кабыл алууну төмөндөтөт, андан тышкары жаштардын көрүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Студенттердин 57%ы Кыргызстанда билим берүү деңгээли кыйла төмөндөгөнүн белгилешти.

62%ы сапаттуу интернеттин жоктугуна арызданышты. Ошол эле учурда, сурамжылоого катышкандардын 26%ы тиешелүу техникалык каражаттар (телефон, ноутбук, ПК) менен көйгөйлөр жаралганын айтышкан.

Көпчүлүгү (46%) окууга болгон кызыгуусу төмөндөгөнүн билдиришти. Окуу үчүн контрактын акысын төмөндөтүү маселеси студенттер үчүн абдан актуалдуу маселе. Басымдуу бөлүгү (94%) окуу мекемелери контрактын акысын төмөндөтүүгө милдеттүү деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/542