Сабырбек Жумабеков саламаттык министри кандай абалда келгенин айтып берди
RU

Сабырбек Жумабеков саламаттык министри кандай абалда келгенин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабеков Алымкадыр Бейшеналиев борборго кандай абалда келгенин айтып берди.

Буга чейин Бейшеналиев Жумабеквду оорукананы менчиктештирип алды, ал жерде жалан өзүнүн туугандары иштейт, деп айыптаган. Андан тышкары, оорукана директордун жеке чөнтөгүн толуктоо үчүн гана иштейт, деп да күнөөлөгөн.

Андан кийин Сабырбек Жумаковдун бейтаптарына кырдаалды түшүндүргөн видеосу тараган.

"Мени жумуштан кетирди, оорукана жоюлат деген сөздөрду уксаңар керек. Кечээ, мен жумушта жок болгон кезде, министр эскертүүсүз келип кетиптир. Эртең менен саат 8де келип, ар нерсени айтыптыр, мас экен. Мен мындан ары деле иштей берейинби?", - деп Жумабеков бейтаптарынан сурады.

Алар "ооба" деп жооп берип, министррге кайрылышты.

Бейтаптардын бири Жумабековду иштен кетиргендин өзү уят, деди. Анын айтымында, ал буга чейин министрге кайрылган, бирок жолугуша албай койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5430