Саламаттык министри Жумабеков тууралуу: Оорукананы менчиктеп алды
RU

Саламаттык министри Жумабеков тууралуу: Оорукананы менчиктеп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун тез жардам ооруканасына өзгөртүү боюнча Kaktus.kg'ге комментарий берген.

"Албетте азыр элдин бары БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабековду коргой башташат. Алар проблеманын тереңин түшүнбөйт. Элдин баары ал ооруканага жалаң өзүнүн тааны-туугандарын койгонун билишет", - дейт Бейшеналиев.

"Элдин баары ал жөнүндө ачык айткандан коркот. А мен коркпойм. Мен кыргыз эли үчүн саламаттыкты сактоону тартипке келтиргим келет. Бардыгы мунун Жумабеков менен Бейшеналиевдин ортосундагы пикир келишпестик деп ойлойт. Мен эл үчун гана иштейм. Өзүм үчун иштесем бардыгы менен дос болмокмун: академиктер менен, коррупционерлер менен, директорлор менен...Жумабеков Аскар Акаев менен жакын тааныш болчу. Ошондон пайдаланып, жок жерден өзүнө борбор жасатып алган. Ар бир президент менен дос: Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков. Ошолордун туугандарына операция жасачу. Мен деле операция кылчумун бирок андан пайдаланчу эмесмин", - дейт министр.

Анын айтымында, оорукана директордун жеке чөнтөгүн толуктоо үчүн гана иштеген.

"Ал жердеги жакшы хирургдар Жумабековдон да жакшы операция жасай тургандар бар. Мен да ал жерде иштегем. Ал элди алдап жатат", - дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5431