Дастан Бекешев Kaktus.media'дагы перепечатка боюнча: Кылмыш ишине жетпей турат
RU

Дастан Бекешев Kaktus.media'дагы перепечатка боюнча: Кылмыш ишине жетпей турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин отурумунда Kaktus.media'га байланыштуу кырдаал боюнча комментарий берди.

Бекешев аталган басылмага карата "Согушту пропагандалоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун эскертти.

"Макала чет элдик массалык маалымат каражатынан алынып кайра жарыяланды, кийин макаланы өчүрүп салышкан. Ошого карабастан журналисттерди прокуратурага чакыртып, күбө катары суракка алып жатышат. Менимче, эскертүу берип, кат жүзүндө жазып деле ишти бүтүрсө болот болчу, кылмыш ишин козгоп отурбай эле", - деди ал.

Бекешевдин айтымында, эл аралык тажрыйбада "перепечатка" үчун кылмыш ишин козгошпойт.

Андан кийин ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылып, өлкө башчысына жеткирип коюну суранды.

"Бул ишти Садыр Нургожоевич өз көзөмөлүнө алсын. Андан тышкары лингвисттердин жана башкалардын экспертизасы керектелет. Кылмыш ишине жетпей турат", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5434