Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Делегациянын мүчөлөрү
RU

Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Делегациянын мүчөлөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда Садыр Жапаров иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Пекинде Кыргызстандын өлкө башчысы 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланышы пландалууда.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Садыр Жапаровдон тышкары:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргызстандын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;
  • Экономика жана коммерция министри - Данияр Амангелдиев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5439