Улукбек Марипов - премьер министрликке көрсөтүлдү
RU

Улукбек Марипов - премьер министрликке көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызматына Эсеп палатасынын төрагасын, Улукбек Мариповду карап чыгууга даяр. Мындай маалыматты Kaktus.media'га Жогорку Кеңештеги булактар тастыктады.

Эске салсак, буга чейин да Мариповдун кандидатурасы тууралуу айтылган. Бирок кийинчерээк, ал премьер-министр болуудан баш тартты, деген маалымат айтылган.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, учурда өкмөттүн жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков биринчи вице-премьер-министр болот. Андан тышкары өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр күтүлгөн жок.

Мыйзам боюнча премьер-министрдин кандидатурасын көпчүлүк коалициясы, оппозициялык фракциялар карап чыгышат. Андан кийин аны парламенттин толук курамы бекитет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/544