Сабырбек Жумабеков саламаттык министрин токтотууга чакырды. Видео
RU

Сабырбек Жумабеков саламаттык министрин токтотууга чакырды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин травмтология жана ортопедия илимий-илидөо борборунун директору Сабырбек Жумабеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тараптан дарыгерлерге кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Жумабековдун айтымында, министр БНИЦТОнун дарыгерлерине, анын орун басарларына жана бөлүм башчыларына телефон чалып, аларды өз кабинетине чакыртып, кысымга алып жатыптыр.

"Бүгүнкүгө 38 операция пландалган. Биз аларды кечинде гана жасап бүтөбүз. Менин 8 операциям бар. Бирок министр бизди кысымга алып, жолтоо кылып жатат", - дейт Жумабеков.

Ал саламаттыкты сакто министринин жалгыз максаты - борборду жок кылуу, деп баса белгиледи.

"Мен силерден суранам, эгер биз аны токтотпосок, кызматынан албасак, биздин медицина эч качан өнүкпөйт жана алдыга жылбайт", - деп Жумабеков сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, Жумабеков саламаттыкты сакто министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жүргүзгөн реформаларын кескин сындаган. Анын пикири боюнча, ооруканаларды бириктирүү анан кайра ажыратуу реформа болуп эсептелинбейт. Дарыгерлердин айлыгы ошо бойдон калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5454