Бардык ата-энелер балдарына бул эрежелерди үйрөтүүгө тийиш
RU

Бардык ата-энелер балдарына бул эрежелерди үйрөтүүгө тийиш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жабыркаган өспүрүм балдардын 80%на мыйзамсыз иш аракеттер жакын тааныштары тарабынан жасалган. Мындай статистиканы Ички иштер министрлиги келтирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кичинекей балдарга болгон сексуалдык асылуулардын жарымы ата-энесинин үйүндө же конокто орун алат.

ИИМ ата-энелерди жоопкерчиликке чакырып, балдарга көбүрөөк көңүл бөлүүгө үндөйт. Ал эми баланы зордук-зомбулуктан коргоп калуу үчүн төмөнкү эрежелерге үйрөтүңүз:

  • "Жок" деп айтканды үйрөн. Өзүңдүн жеке чек араңды сыйла. Эч кимдин сенин денеңе кол тийгизүүгө жана кармалоого укугу жок. Мындай аракеттерди байкаарың менен дароо каршылыгыңды билдир.
  • Үйгө ар дайым бир эле жол менен кел. Зарылчылык болсо, такси чакырт. Башка бирөөнүн машинесине отурба.
  • Подъездге кирип баратып же лифтке түшөөрдө артыңды кара. Тааныш эмес адамдар менен бир кирбе.
  • Эгер кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерсени жасоого муктаж кылса, "Жок" деп жооп бер. Сен ишенген чоң кишиге болгон окуя тууралуу айтып бер. Эреже "Жок - кетип кал - айтып бер".
  • Тааныш эмес адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе.
  • Ар дайым ата-энеңе же үйдөгүлөргө кайда, ким менен бара турганыңды, канчада келээриңди айтып коюп чык. Сенин менен кантип байланышса болот, билдир.
  • Эркектер менен бир үйдө жалгыз калба, алар сенин алыс тууганың болсо дагы. Ошондой эле, үйдө ата-энең, чоң кишилер жок болсок, эркек туугандарды киргизбе.
  • Караңгыга чейин конокто же көчөдө калба.
  • Тааныш эмес адамдардын машинесине отурба.
  • Сен өзүңдүн коопсуздугуң үчүн кам көрүүгө укугуң бар. Бул башкаларга орой көрүнсө да мейли. Сенин коопсуздугуң биринчи орунда.

Баланын телефонуна "Мой учатковый инспектор милиции" же "112 Кыргызстан" тиркемесин жүктөп бериңиз. Бул тиркемелер аркылуу дароо жардам сурап кайрылса болот. Андан тышкары, өзгөчө кырдаалда кандай аракеттерди жасоо керек экендиги тууралуу маалымат берилет.

Эгер зордук-зомбулук орун алса эме кылыш керек?

  • Балаңызга ишениңиз.
  • Кылмыштын издерин сактап калыңыз - баланы жуунтпагыла, кийимдерин жууп, өрттөп, же ыргытпагыла.
  • Алгачкы 72 саатта милицияга жана медициналык мекемеге кайрылгыла. Доктур ВИЧти жана башка инфекциялык оорулардык жуктуруп алууну андан тышкары планга кирбеген кош бойлуулукту алдын алууга жардам берет. Өспүрүм баланы психологиялык жардам менен камсыздоо да өтө маанилүү.

Бул номерлерди эстеп калгыла:

102 - милиция

112 - 112 кызматы

111 - балдар үчүн ишеним телефону

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/545