Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыкты
RU

Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook компаниясынын Meta деген негизги бөлүмү бир күндө 237 млрд доллар жоготту. Ошонусу менен фонд рыногунун тарыхындагы капитализациянын урашы боюнча рекорд койду. Бул тууралуу CNBC жазды.

Буга чейин рыноктогу капитализацияны жоготуу рекорду Apple компаниясына таандык болчу. 2020-жылдын сентябрь айында, бир күндө $182 млрд жоготкон болчу.

Нарктын 25%ын жоготууга компаниянын отчету себепкер. Анда активдүү колдонуучулардын саны жана кирешенин төмөндөгөнү айтылган. Meta компаниясынын акцияларынын түшүшү Pinterest, Snap жана Twitter социалдык тармактарын да төмөн тартты.

Forbes Real-Time'дын рейтингине ылайык, Meta'нын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы $29,7 млрд долларга кемип, азыркы тапта - $84,8 млрд долларды түзөт. Мындан ары ал Forbes версиясынын дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын катарына кирбей калды. Азыркы тапта Цукерберг аталган тизменин 12-сабында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5466