Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барды. Фото
RU

Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барды. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Иш-чара "Куш уясы" деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү. Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү. Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5468