Баткенде чиновник түз эфир учурунда журналистти урду. Видео
RU

Баткенде чиновник түз эфир учурунда журналистти урду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алихан Ураимов блогер жана журналист Батмакан Жолдубаеваны урду. Окуя Исфана шаарында, ЖКнын "Ынтмак" жана "Ишеним" фракцияларынын көчмө жыйыны өтө турган жерде болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай аппарат жетекчиси Алихан Ураимовго журналисттин жыйынга катыша турганын жактырган жок. Ал Батмакан Жолдубаева чыгып кетсин деп талап кылды.

Чиновниктин айтымында, ал расмий маалымат каражаттын өкүлү эмес. Экөө тең жыйын өткөн залдан чыгышкан. Сөз талашып отуруп, бир кезде Алихан Ураимов Батмакан Жолдубаеваны бир сокту.

Журналист айымдын айтымында, аппарат жетекчиси анын телефонун тартып алып, чачынан сүйрөгөн. Андан тышкары телефондун экраны сынып калган.

Учурда Жолдубаева Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда. Ал милицияга кайрылып, чиновникке карата арыз жазды.

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы журналистке кол салуу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5471