Кайра шайлоонун үгүт иштери эртең, 7-февралда башталат
RU

Кайра шайлоонун үгүт иштери эртең, 7-февралда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, 5-февралга карата Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди.

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды. Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо "баарына каршы" деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5474