Мароккодо кудукка түшүп кеткен бала каза болуп калды
RU

Мароккодо кудукка түшүп кеткен бала каза болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тагдырына дүйнө эли кабатыр болгон Мароккодо кудукка түшүп кеткен бала каза болуп калды

Кечээ, 5-февраль күнү кечинде Марокконун түндүгүндө беш жашар Райянды терең кудуктан чыгаруу операциясы аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар баланы кудуктан алып чыгууга жетишкен. Аны "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Бирок кийинчерээк бала каза болгону белгилүү болгон.

Жекшембиге караган түнү Марокко падышасы Мохаммед VI'нын басма сөз кызматы Райян каза болгонун жарыялады.

"Улуу даражалуу Король Мохаммед VI кудукка түшүп кетип каза болгон баланын ата-энесине телефон чалып, аларга көңүл айтты", - деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Мохаммед VI Райянды сактап калуу үчүн падышалыктын бардык тиешелүү органдарына жарлыктарды чыгарганын айтып, куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирген.

Райян аттуу беш жашар бала 5 күн мурун тереңдиги 32 метр, туурасы 45 сантиметрдей кургак кудукка түшүп кеткен. Операциянын жүрүшү рельефтин аскалуулугу менен татаалдашып, куткаруучулар топурак кулап кетпеши үчүн кылдаттык менен иш алып барышкан.

Райянды куткаруу операциясына бүткүл дүйнө көз салып турду. Бул кырсык дүйнөлүк медианын көңүлүн буруп, араб дүйнөсүн бириктирди. Окуя болгон жерге көп эл келип, куткаруучуларга жардам берип, бала үчүн дуба кылышты.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5475