Кыргызстандык жигит Москвадагы аэропортто баланын өмүрүн сактап калды. Фото
RU

Кыргызстандык жигит Москвадагы аэропортто баланын өмүрүн сактап калды. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын Внуково аэропортунда кыргызстандык жаран баланын өмүрүн сактап калды. Анын тамагына оюнчуктун кичинекей деталы тыгылып калган. Бул тууралуу 170 миң катталуучусу бар блогер Fatih Koparan айтып берди.

"Мен окуя болгон жерден алыс болчумун. Бир кезде баланын апасынын кыйкырыгын уктум. Башында терракт деп ойлодум. Окуя болгон жерге кыргыз-жигит чуркап барып, Геймлих ыкмасын жасап, баланы сактап калды. Ал болбосо бала чарчап калмак", - деп блогер жазган.

Блогер куткаруучуну сүрөткө тартып жетишпей калганын белгиледи. Мен болгону "Бардыгы жайындабы?", - деп сурадым. Ал мага: "Ооба, бардыгы ОК", - деп жооп берип, дароо кетип калды.

Кийинчерээк окуя болгон жерге аэпрорттун медициналык кызматы келген.

"Көзүмө жаш тегеренип, колдорума ээ боло албай турам. Менимче ал оозуна мына бул оюнчукту салып алган. Этият болгула, ата-энелер. Менимче, бул өз өмүрүмдө тартып алган эң кооз сүрөт болсо керек. Баласы аман калган эненин бактылуу жүзү", - деп блогер жазып, эне менен баланын сүрөтүн жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5481