"Жараты ириңдеп кетти". Сабалган ымыркай мурун эле кулагы сынып ооруканада жаткан
RU

"Жараты ириңдеп кетти". Сабалган ымыркай мурун эле кулагы сынып ооруканада жаткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-февралда маалымат жыйынында Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулук районунда эки жашар баланын сабалышы боюнча окуя боюнча ушундай пикирин билдирди.

"Биз баланын ата-энеси менен жолугуштук. Бүгүнкү күндө бактыга жараша, балада өмүрүнө зыян келтире турчу зордук-зомбулуктун кесепеттери жок деп айтсак болот. Баланын абалы орточо. Алынган маалыматка караганда, апасынын жакындары дарыланууга тоскоол болуп, медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылгандар болгон. Ал эми баланы Бишкектеги 3-балдар ооруканасына которууну сунуштаганбыз", - деди ал.

Азарбековдун айтымында, баланын атасы иш берүүчү тарабынан бир нече жолу зордук-зомбулукка кабылганын айткан.

"Баланы ата-энесинин жумуш берүүчүсү ур-токмокко алган дешти. Мындан тышкары, иш берүүчү арыз ээсинин бутуна пневматикалык курал менен атып салганы боюнча далилдер бар. Бүгүнкү күндө иш берүүчү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мындай жазага татыктуу. Анткени бала чындап оор жаракат алган. 19-январь күнү бала кулагынын кемирчеги сынып ооруканага түшкөн. Бирок, дарыгерлерге бала жыгылып, жаракат алганын айтышкан", - деп кошумчалады ал.

Андан кийин Азарбековдун айтымында, бала Бишкектеги 3-балдар ооруканасына диагноз коюу жана дарылоо үчүн жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, бала ооруканага барганда жарааты ириңдеп кеткен. Апасы баланы сабаган жумуш берүүчү эмес, баланын атасы деп, эч кимге кайрылган эмес. Баланын апасы иш берүүчү менен тыгыз байланышта экенин өзү айткан",-деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, 3-февралда Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында сабалган эки жашар бала ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча милиция иликтөө иштерин баштады. Социалдык тармактарда ымыркайдын атасы жумуш берүүчүсү баласын жана аялын кантип сабап жатканын көрүп, муну атайын жасаганын айткан видео тараган.

Сокулукта сабалган бөбөктүн апасы кылмышка шектүүнүн күнөөсү жок экенин айтып, дем алыш күндөрү балдарын өз атасына таштап кеткенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5486