Алмазбек Бейшеналиев: Мен ишимди уланта турмай болдум. Садыр Жапаров менен сүйлөштүк
RU

Алмазбек Бейшеналиев: Мен ишимди уланта турмай болдум. Садыр Жапаров менен сүйлөштүк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн жаңы курамына кирип, Билим берүү министри кызматында калат. Бул тууралуу ал Kaktus.mediа'га билдирип, комментарий берди.

Анын айтымында, бугүн эртең менен, президент Садыр Жапаров менен жолугушкан. Алар билим берүү тармагындагы көйгөйлөр туурасында сүйлөшүп, келечекке пландарды талкуулашкан.

"Эмне үчүн мындай сөз пайда болгонун билбейм, билким башкага керек болуп калгандыр бул орун. Бирок маселе оң жагына чечилди. Мен ишимди уланта турмай болдум. Мени бүгүн эртең менен президент өзү чакыртып, сүйлөштүк. Ушул эле нукта иштеп, билим берүү тармагындагы коррупцияны жокко чыгаруу керектигин айтты", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, депутат Жанар Акаев жеке булактарына шилтеп, жаңы өкмөткө Алмазбек Бейшеналиев кирбейт, аны кызматтан кетире турган болушту, деп жазган. Колдонуучулардын көбү Бейшеналиевди колдоого алышты.

Эске салсак, бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызматына Улукбек Мариповдун кандидатурасын карап чыкты. Ал өзүнүн программасын, өкмөттүн структурасын жана мүчөлөрүн көрсөтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/548