Садыр Жапаров: 1-апрелде мугалим, милиция жана энергетиктердин айлыктары көтөрүлөт
RU

Садыр Жапаров: 1-апрелде мугалим, милиция жана энергетиктердин айлыктары көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 1-апрелден тартып бюджеттик тармактагы анын ичинде мугалим, милиционерлер жана энергетиктердин айлыктары көтөрүлө тургандыгын жар салды. Бул жөнүндө өлкө башчысы Бишкектеги жаңы электр түйүнү "Северная" РЭСтин ачылышында айтты.

Айлыктар канчага көтөрүлөт, кандай эсептөө көрсөткүчтөр кайра каралат, азырынча белгисиз. Министрлер кабинети да бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Андан тышкары, Садыр Жапаров "Ак-Босого" жаңы конушунун тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүүлөр социалдык объектилердин салынышы, анын катарында ооруканалар, мектеп жана балдар бакчасы, коомдук транспорт менен камсыздоо, жолдорду оңдоо, районду газга туташтыруу, инженердик коммуникацияларды куруу жана укугун тастыктоочу документтерди алуу боюнча сурашты.

Президент Бишкектин мэриясына жана башка мамлекеттик органдарга көтөрүлүп жаткан суроолорду чечүүнү буюрду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5498