Тилек Токтогазиев өзүнүн отставкасы тууралуу имиштер боюнча комментарий берди
RU

Тилек Токтогазиев өзүнүн отставкасы тууралуу имиштер боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Kaktus.media'га өзүнүн кызматтан четтетилиши боюнча имиштерге комментарий берди.

Белгилей кетсек, мындан мурун социалдык тармактарда, өкмөттүн жаңы курамына Алмазбек Бейшеналиев жана Тилек Токтогазиев кирбейт, деген сөздөр пайда болгон. Бейшеналиев бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, бүгүн эртен менен Садыр Жапаровго жолуккан, жана ал анын бул кызматта иш алып баруусун колдоого алган.

Тилек Токтогазиевдин айтымында, ал өзү кызматтан кетүүнү ойлогон эмес, бирок өкмөт алмашкандан кийин анын келечеги кандай боло турганын аны менен эч ким сүйлөшкөн жок. Токтогазиевдин пикири боюнча, оор учурда адамды алмаштыруу туура эмес, анын үстүнө ал реформаторлордун командасын чогултуп, коррупциялык схемаларды ача баштады.

"Оор учурда кадрларды алмаштыруу туура эмес. Биздин негизги көйгөйлөрүбүз азык-түлүк жана улуттук коопсуздугун камсыздоо. Азыркы учурда бизде, аудиттин көптөгөн данныйлары бар, министрликтин функционалдуу диагностикасы, Айыл чарба министрлигине караштуу эффективдүүлүгү төмөн ишканалар, коррупциялык схемалар боюнча көптөгөн маалыматтар бар. Биз алардын бардыгын четинен ача баштайбыз. Ошонун айынан өлкөнүн бюджетине миллиардаган каражаттар түшпөй калууда. Албетте, мен түшүнүп турам, айрым кызыкчылыгы бар топтор үчүн менин бул кызматта калуум ыңгайсыз. Ал эми министрлер кабинетинин жаңы курамында иштөөгө даярмынбы деген суроого жооп бере турган болсом, ооба даярмын, анткени, көптөгөн системалык көйгөйлөрдү көрүп турам, жана аларды чечүү менин максатым. Биздин реформаторлор командабыз мыкты, күчтүү эксперттер бар, 2021-2022-жылдарга карата пландарыбыздын ар бир кадамын иштеп чыктык", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызматына Улукбек Мариповдун кандидатурасын карап чыкты. Ал өзүнүн программасын, өкмөттүн структурасын жана мүчөлөрүн көрсөтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/549