Юрист: Бейшеналиевдин чечиминде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу элементтери бар
RU

Юрист: Бейшеналиевдин чечиминде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу элементтери бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юрист Замир Жоошев Фейсбук баракчасында БНИЦТОнун айланасындагы кырдаалдын укуктук жагы боюнча пикирин билдирди.

"Жумабековдун кызматтан алынышы мыйзамдуубу? 4-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековдун ордуна Гулия Кожокматованы жаңы директор кылып дайындаганын билдирди. Министрдин аталган токтому мыйзамдын талаптарын аткарбагандыктан ачык эле мыйзамсыз. Мамлекеттик эмес илимий уюмдардын жетекчилерин кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартиби алардын уюштуруу документтери менен аныкталат. Анын жетекчиси борбордун окумуштуулар кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет. Ага ылайык, борбордун окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча кызматтан бошотуу Бишкек шаарынын мэри тарабынан ишке ашырылышы керек",- деп эсептейт юрист.

Жоошевдин айтымында, борбордун директору болуп биринчи жолу Сабырбек Жумабеков Бишкек шаарынын мэринин жана шаардык кеңештин төрагасынын 2004-жылдын 19-мартындагы жарлыгы менен бекитилген. Кийинчерээк борбордун окумуштуулар кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэринин чечимдери менен кайра шайланып, кайра дайындалган.

"Акыркы жолу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысынын 2021-жылдын 2-декабрындагы токтому менен Жумабековго үстүбүздөгү жылдын 10-февралына чейин жылдык өргүү берилген. Көрсө, ал эмгек өргүүсүндө жүргөндө Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жумабековду алдын ала эскертүүсүз эле кызматтан бошотту. Ал эми КР Эмгек кодексинин 77 жана 83-беренелерине ылайык, юридикалык жактын кайра түзүлүшү уюмдун кызматкерлери менен эмгек келишимин бузууга негиз болуп саналбайт", - деди ал.

"Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык, Саламаттыкты сактоо министринин буйругу мыйзамсыз. Мындан тышкары, мыйзамдарды жана БНИЦТОдо болгон документтерди талдоонун жыйынтыгы боюнча, менимче, Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечиминде Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу элементтери бар", - деди адвокат.

"Биз, кыргыз коому, жарандар да, кызмат адамдары да мыйзамдуулук принцибин жетекчиликке алган укуктук мамлекетте жашоого макул болгонбуз. Биздин келишим жаңы Конституциянын 1-беренесинде төмөнкүдөй жазылган: "Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) ) укуктук мамлекет". Ал эми Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин гаранты президент болуп саналат. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен укуктары бузулган медициналык борбордун кызматкерлери бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына гана эмес, президентке да кайрыла алышат", - деп баса белгиледи Замир Жоошев.

Толук видео:

Эске салсак, өткөн аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО кайра түзүлүп, анын ордуна тез жардам ооруканасы пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келгенин да билдирди. Андан кийин ал президентке да кайрылган.

Бирок, Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кетпей турганын жана БНИЦТиОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5507