Factcheck.kg: "Кыргызкөмүрдүн" директору кызына $25 миңдик унаа белек кылды
RU

Factcheck.kg: "Кыргызкөмүрдүн" директору кызына $25 миңдик унаа белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишкананын директору Мирлан Жакыповдун кызы социалдык тармакка пост жарыялап, кымбат унаа алып берген ата-энесине ыраазычылык билдирген. Factcheck.kg редакциясы "Кыргызкөмүрдүн" директорунун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүр-баянын иликтеп чыкты.

Мирлан Жакыповдун кызынын аты Алия, ал 22 жашта. Алия Twitter социалдык тармагында абдан активдүү. Февралдын башында мындай пост жарыялаган:

"Кыялдануу абдан пайдалуу. Мен салондун ичи кызыл түстө болсо экен деп элестетчүмүн. Бардыгы дал келишти, мен каалагандай болду. Ата-энемдин арты менен менин жашоом - жомок" , - деп орус тилинде жазган.

Постун Lexus IS 250 унаасынын сүрөтү менен коштогон. Мындай машиненин Кыргызстандагы баасы $24 минден $25 миңге чейин. Бирок кийинчерээк пост өчүрүлүп, профилдин өзү жабык болуп калган.

Ал эми бул Алиянын 2020-жылы жарыялаган сүрөтү. Анда Мирлан Жакыповдун үй бүлөсү толугу менен түшкөн.

Белгилей кетсек, "Кыргыкөмүр" мамлекеттик ишкана бул маалыматка эч кандай реакция жасаган жок.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору жөнүндө эмнелер белгилүү?

Мирлан Жакыпов былтыр сентябрда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган. 2015-жылы Жакыпов аталган мамлекеттик ишканада генералдык директору болуп иштеген. Бирок 2016-жылдын 17-январда, премьер-министрдин буйругу менен убактылуу кызматынан алынган, себеби ага карата кылмыш иши козголгон болчу.

2016-жылы эле бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев коррупцияга шектелген адамдар дагы деле иштеп жатышат деген. Депутат "Кыргызкөмүрдүн" директоруна 35 млн сом зыян келтирди деп кылмыш иши козголгон, бирок ошого карабастан ал эркиндикте жүрөт, андан тышкары ишин улантып, финансылык документтерге кол коет экен, деп айткан.

Бул инцеденттен кийин Мирлан Жакыповдун адвокаттары депутатка каршы арыз жазып, парламентарий анын аброюна шек келтирип, элге туура эмес маалымат таратып жатат, деп айыпташкан. Ал эми былтыр күзүндө Жакыпов кайрадан мекеменин жетекчиси болуп дайындалганда, "Кыргызкөмүрдүн" пресс-катчысы Мирлан Жакыповдун коррупция иши боюнча күнөөсү сотто далилденген жок, ошондуктан кылмыш иши жабылды, деп билдирген.

Андан тышкары, 2020-жылы Мирлан Жакыпов "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Тизмеде 46 орунда болчу.

Бүгүнкү күндө, "Кыргызкөмүрдүн" директору мамлекеттик кызматтан тышкары "Азамат Компани" ЖЧКсынын негиздөөчүсүнүн бири. Фирма 2006-жылы эле Бишкекте катталган. Анын бизнес өнөктөштөрү Нурлан жана Нурдин Мотуевдер. Нурлан Мотуев буга чейин "көмүр падышасы" ("угольный король") катары таанымал болчу. Нурдин Свердлов району боюнча парламенттик кайра шайлоого катышып жатат.

2020-жылга чейин Жакыпов дагы бир нече көмүр казуучу компаниялардын директору болгон. Алар "Берекет Кен" ЖЧКсы жана "Берекепром" ЖЧКсы.

osoo.kg'деги маалыматка ылайык, "Берекет Кен" 2020-жылы 3,1 миллион сом салык төксө, "Берекепром" - 12,9 млн сом салык төккөн.

Белгилей кетчү жагдай, мамлекеттик ишкананын жетекчилерине салынган чектөөлөр бар. Ага ылайык, мамлекеттик мекемеде жетектөөчү кызматта иштеген адам кызматта болуп турган кезде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкерлик менен алектенүүсүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруусуна катышууга тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5511