УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышынын себептерин атады
RU

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышынын себептерин атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду социалдык тармактарга чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, Ураимов 8-февралда "Бийликти күч менен басып алууга эл алдында чакырык таштоо" беренеси боюнча, ошондой эле алынган далилдердин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Мирлан Ураимов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активдүү мүчөсү катары белгилүү. 2020-жылы ал бул партиядан өлкөнүн парламентине талапкерлигин койгон (ал 83-сан менен ат салышкан). Ошол эле жылы Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин жанында шайлоого катышуу үчүн партияны каттагысы келбеген үчүн нааразылык акциясын жетектеген. 2021-жылы кайталанган парламенттик шайлоодо ал дагы ушул партиядан ат салышкан. Кошумчалай кетсек, ал былтыр күзүндө Орозайым Нарматованы колдоо акцияларына жана 2021-жылдын апрель айында Өзгөн районундагы митингге катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5512