ИИМде дагы бир орун басар дайындалды. Бул бешинчиси
RU

ИИМде дагы бир орун басар дайындалды. Бул бешинчиси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ичик иштер министрлигинде жаңы орун басар дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстандын ИИМи ичики иштер министринин дагы бир орун басары үчүн кызмат түзгөн. Ага Сүйүнбек Ниязбеков дайындалды. Ошону менен ички иштер министринин беш орун басары болот. Буга чейин ар дайым төрт орун басар болуп келген.

Айрым маалыматтар боюнча, Сүйүнбек Ниязбеков санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөйт.

Буга чейин ал ИИМдин Маалыматтык технологияларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5513