ММКларга каршы митинг аяктады
RU

ММКларга каршы митинг аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-февралда Kaktus.media сайтынын редакциясынын алдында экинчи митинг жарыяланды. Бул тууралуу Самат Отунчиев социалдык тармактарга жарыялады.

Отунчиев 2020-жылы декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы катары катталган (тизмеде андан башка дагы 100 адам бар болчу). Ал социалдык тармактарга Садыр Жапаровдун сапарлары тууралуу маалыматтарды, Камчыбек Ташиевдин сүрөттөрүн жана бул саясатчыларга байланыштуу башка материалдарды тынбай жарыялап турат.

  • 28-январда бир топ адамдар Kaktus.media сайтына каршы митингге чыгышкан, ага бул редакциянын "Азия плюс" сайтынын материалы шилтеме берилип чыгарылышы себеп болгон. Митингге саналуу гана адамдар келип, алардын арасында башка митингдердин активдүү катышуучуларын да таанышкан.

  • Бир нече күндөн кийин Бишкектин Биринчи Май районунун прокуратурасы 1-берененин негизинде кылмыш ишин козгоду. Kaktus.media сайтынын бардык кызматкерлери суракка алынды.

  • Редакция болуп жаткан окуяларды массалык маалымат каражаттарына басым катары баалоодо. Көптөгөн медиа эксперттер, укук коргоочулар басылманы колдоп билдирүү жасашты.

Кечээ активисттер кээ бир басылмаларга Кыргызстандагы "чет элдик агенттер" статустун берүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда баяндамачылар бул кандай статус экенин так түшүндүрүп бере алышкан жок. 24.kg агенттигинин маалыматына ылайык, маалымат жыйынын өткөрүүгө кеткен чыгымды экс-депутат, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу төлөгөн.

Бүгүн ошондой эле Kloop редакциясына каршы митинг жарыяланды. Медиа Полиси Институту (МПИ) КР ички иштер министри Улан Ниязбековго жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына маалымат каражаттарынын коопсуздугун камсыздоо талабы менен кайрылуу таратты.

В обратном порядке
Только важное
11:23
09.02.2022

Митинг саат 11:00гө белгиленгени менен киши аз келген. Бирок тааныш жүздөр бар. Мисалы, парламенттин мурдагы депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу келди.

В обратном порядке
Только важное
11:42
09.02.2022

Дагы бир тааныш жүз - Жолдошбек Сыргаков, өткөн жолу да митингде жүргөн. Бирок кийинчерээк ал маалымат каражаттарына жазган дооматтарынан баш тартты.

В обратном порядке
Только важное
11:48
09.02.2022

Митингчилерге генератору жана колонкалары бар жүк ташуучу унаа келди. Жабдууларды Садыр Жапаровдун жалындуу өнөктөштөрүнүн бири Нурбек Тойгонбаев алып келген.

В обратном порядке
Только важное
12:05
09.02.2022

Митингчилер Кыргызстанда дагы деле коронавирус бар экенин эске түшүрүштү окшойт. Турсунбай Бакир уулунун жубайы келип беткап тарата баштады.

Спикердин негизги ролун экс-акыйкатчы жана ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу аткарды.

Ал Башкы прокуратурадан Kaktus.media сайтынын ишин тез арада иликтеп чыгууну жана "Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга катаалдаштыруу багытында өзгөртүү киргизүүнү талап кылганын билдирди.

В обратном порядке
Только важное
12:15
09.02.2022

Турсунбай Бакир уулу: "Мен Тажикстандагы оппозициялык партиянын лидери, Германияда жашаган Кабири менен, блогерлер менен сүйлөштүм. Мисалы өзү христиан, бирок мусулмандар үчүн ар дайыма тынчсызданган Максим Козак менен сүйлөштүм. Элдин баары бул провокация экенин айтып жатышат, "өзгөчө кайра басып чыгарардан мурун текшерүү керек болчу. "Азия плюс" АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланат, менин сөздөрүмдү текшерип көргүлө",- деди ал.

Анын айтымында, Казакстандагы окуялардан кийин Тажикстан эң жаман варианттарга даярданууда. Алар диктатураны коргогусу келип, коомду даярдап, кыргыздарды тукуруп жатышат дейт Бакир уулу.

Биз Kaktus.media сайтынын журналисттеринин камалышын каалабайбыз, бирок прокуратура жок дегенде айып пул салышын каалайбыз, прокуратура бул ишти жаппашы керек".

В обратном порядке
Только важное
12:28
09.02.2022

Турсунбай Бакир уулу бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзамды катаалдаштыруу идеясын иштеп чыкты. Анын айтымында, 2015-жылы "Чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзамды кабыл алууга аракет кылышкан, бирок VI чакырылышта кабыл алгыла деп калтырышкан.

"Алар эмне кылышты? Бактыбек Райымкулов мыйзам долбоорунун жумшартылган вариантын сунуштады. Ал эми бүгүн биз чет элдик агент деген макамды күчөтүүнү талап кылып жатабыз. Бул Европада да, Россияда да бар, кыргыздын ойлоп тапканы эмес. Эгер чет өлкөдөн каржыланып, Кыргызстандын жыргалчылыгы учун иштесенер да макул. Ушундай бейөкмөт уюмдар жана гезиттер көп. Силер чет өлкөдөн каржы алып,саясатка кирсеңер,дестабилизация,баш аламандык алып келесиңер, анан мамлекеттик органдар тарабынан тергелет. Булар чет элдик агент статусун алышса болду, башка талаптар жок", - деди Турсунбай Бакир уулу.

В обратном порядке
Только важное
12:30
09.02.2022

Турсунбай Бакир уулу сөзүн улап: "Кудайдын алдында ант берем, мен абдан ишеничтүү адаммын, эгер мен бул митингдерди бийлик менен макулдашып алсам, биздин 30-40 киши эмес, 500 же миңдеген адамдар чыкмык! Тескерисинче, кечээтен бери алар митингге чыкпасын деп жатышат".

Митингге чыккандар мегафон менен кайрадан Башкы прокуратурадан маалымат каражаттарын текшерүүнү улантууну талап кылышты.

В обратном порядке
Только важное
12:34
09.02.2022

Митингди токтотуп, Kloop редакциясына жөнөп кетишти. Митингеди ошол жерде уюштуруу чечими кабыл алынды.

В обратном порядке
Только важное
13:03
09.02.2022

Ошол эле адамдар Kloop кеңсесинин алдына ошол эле плакаттары менен чогулушту.

Алар өзгөчө активдүүлүк көрсөтүшкөн жок.

В обратном порядке
Только важное
13:21
09.02.2022

Kloop редакциясынын жанындагы митинг аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5515