Улукбек Марипов: Айыл чарба министрлигин күчтүү кадр жетектейт
RU

Улукбек Марипов: Айыл чарба министрлигин күчтүү кадр жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба жана мелиорация министрлигин айыл чарбада иш алып баруу тажрыйбасы мол болгон адам жетектейт. Бул тууралуу премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов, бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Бейшеналы Нурдинов: "Айыл чарба министрлигин аябай күчтөйбүз деп жатпайсыңарбы, эми күчтөгөндө ошо кадр маселесин да карап койсоңор. Негизи ага күчтүү, сиздей болуп 20-30 жыл иштеген киши керек", - деди.

"Ал жака айыл-чарбаны менден да күчтүрөөк билген кадр келе жатат. Кудай буюрса бүгүн эртең угасыздар", - деп Улукбек Марипов жооп берди.

Азыркы учурда айыл чарба министрлигин 30-жашар Тилек Токтогазиев жетектеп келет. Ал буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмес, бирок айыл чарба тармагында иш алып барчу. Тилек Токтогазиев кызматка октябрь айындагы митингдерден кийин келген. Белгилүү болгондой, октябрь окуялары Садыр Жапаровдун да бийликке келишине шарт түзгөн. Азыр эми Жапаровдун бийлиги бекемдеп, жаңы өкмөт калыптанууда. Токтогазиевдин айтымында, аны менен жаңы өкмөттөгү иши тууралуу эч ким сүйлөшкөн эмес.

Эске салсак, бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызматына Улукбек Мариповдун кандидатурасын карап чыкты. Ал өзүнүн программасын, өкмөттүн структурасын жана мүчөлөрүн көрсөтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/551