Ошто студент кызды жигити өлтүрүп,сөөгүн короого көмүп койгон
RU

Ошто студент кызды жигити өлтүрүп,сөөгүн короого көмүп койгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кылмышкер бул окуядан кийин Россияга барып кайра келген.

Ошто 4-курста окуган студент кыздын сөөгү табылып, аны өлтүрдү деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлаганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги билдирди.

Билдирмеге караганда, милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 22 жаштагы кызы 2022-жылдын 30-январында үйдөн окууга чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Мындан улам милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 24 жаштагы эркек кишини кармаган. Ал Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунда окуганы маалым болду.

"А.Н. аттуу шектүү көрсөтмө берип, анда 30-январда Т.М. аттуу сүйлөшкөн кызы менен жолугуп, өзү жашаган үйгө барганын, ал жактан урушуп кетип, аны бычактаганын моюндаган. Ал кыздын сөөгүн үйдүн жанына көмүп, кийимдерин ажатканага ыргытып жибергенин да айткан. Ал күнү кайра окууга барып, окуя болгон күндүн эртеси Өзбекстан аркылуу Россияга учуп кеткенин билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдары шектүү Россияга барып кайра Кыргызстанга келген жеринен колго түшүрүлгөнүн белгиледи. Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде укук коргоо органдары 8-февраль күнү кечки саат 18:00дөр чамасында Кара-Суу районундагы Ишкаван айылына барып, ал жашаган үйдүн короосунан изделип жаткан 22 жаштагы Т.М аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта кылмыш иши боюнча экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5521