Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды
RU

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кызматкер кечээ, 9-февраль күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан пара талап кылган деген шек менен кармалган. Андан далил катары 15 миң сом алынган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү маалымат бере элек.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5529