Октябрь окуяларынын активдүү катышуучулары жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышты
RU

Октябрь окуяларынын активдүү катышуучулары жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын парламентиндеги маалымат булагы премьер-министрдин кызматына көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов сунуштаган тизменин курамын айтып берди.

Белгилүү болгондой 22 ведомство 16га чейин кыскарат. Министрлер кабинетинин буга чейинки курамдын 40%ы сакталат, ал эми калгандары толугу менен өзгөрөт.

Вице-премьерлерден бирөө гана болот, бул позицияда Улукбек Марипов Артем Новиковду калтыра турганы белгилүү. Ал эми Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов өз кызматтарынан кетишет.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин ордуна Аскар Жаныбеков министр болот.

Маданият, маалымат жана туризм министри болуп Нуржигит Кадырбековдун ордуна Кайрат Иманалиев дайындалат.

Андан тышкары, Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы жоюлат. Учурда бул ведомствону Сыймык Жапыкеев жетектейт.

Белгилей кетчү жагдай, жогоруда аты аталгандардын бардыгы өткөн жылдагы октябрь окуяларынын активдүү катышуучулары болуп келген. Алар "Ата-Мекен", "Чоң Казат", "Ыйман-Нуру" партияларынын өкүлдөрү.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын тарапташтары митингге чыгышкан. Митинг акыры башаламандыкка айланып, өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/553