Кикбоксинг боюнча Европа чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду
RU

Кикбоксинг боюнча Европа чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында Европанын чемпиону Канатбек Сыдыгалиев дүйнө салды. Ал 44 жашта болчу. Бул тууралуу Кыргызстандын кикбоксинг федерациясы билдирди.

"Бул Кыргызстандын кикбоксинг коомчулугу үчүн чоң жоготуу жана трагедия", - деп белгилейт федерация.

Белгилей кетсек, Сыдыгалиев кикбоксинг боюнча 1999, 2001 жана 2003-жылдардагы дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси. Кийинчерээк профессионалдар арасында күч сынашып, Европа чемпиондугун жеңип алган, ошондой эле Кыргызстан менен башка мамлекеттердин беттешүүсүндө өлкөнүн намысын коргогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5545