Ошто каза болгон грэпплинг боюнча чемпиондун иши жабылды
RU

Ошто каза болгон грэпплинг боюнча чемпиондун иши жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Манас Эркул уулунун өз жанын кыйганы боюнча кылмыш ишин козгоону токтотту. Бул маалыматты милициядан тастыкташты.

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен грэпплинг боюнча чемпион Эркул уулунун асынып турган денеси табылганын ИИМ эскерткен. Сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, экспертизалар дайындалган эле. Денеден жаракаттын белгилери табылган эмес.

"Чемпион эжесиникине келип, ажатканага асынып алганы аныкталды. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш бүгүн жабылды", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, Манас Эркул уулу грэпплинг боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону, грэпплинг боюнча ADCC абсолюттук салмак категориясында Кыргызстандын чемпиону, UWW боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия жана Океания чемпионатынын күмүш медалынын ээси болгон. ADCC грэпплинг, WEF PROFFIGHT Кулатуу мелдешинин жеңүүчүсү болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5546