Жакшы кабыл алды. Сабырбек Жумабеков Садыр Жапаров менен маектешти
RU

Жакшы кабыл алды. Сабырбек Жумабеков Садыр Жапаров менен маектешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Академик Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Жолугушуу кандай өткөнүн дарыгер Kaktus.media рекциясына билдирди.

"Президент жакшы кабыл алды. Бардык аргументтерди, далилдерди укту. Анан ал чечим чыгарарын айтты, аны кийин билебиз. Эмне болуп кетээрин өзүм да билбейм. Бирок мен жана менин командам адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнөбүз", - деди Жумабеков.

Академиктин айтымында, президент маселени тереңирээк изилдеп, кеңешип, башкалардын аргументтерин уккусу келет.

"Президенттин токтомун кабыл алып, ишке ашырабыз", - деп баса белгиледи Жумабеков.

Эске салсак, өткөн аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО кайра түзүлүп, анын ордуна тез жардам ооруканасы пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келгенин да билдирди. Андан кийин ал президентке да кайрылган.

Бирок, Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кетпей турганын жана БНИЦТиОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5547